7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Бишкекте 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч эм төрөдү

2131

Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева үч эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу аталган төрөт үйдүн башкы дарыгери Майрам Керималиева кабарлады.

«Ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген.Алардын үчөө тең эркек балдар. Ымыркайлар биринчиси 2360 грамм, экинчиси 1900 грамм, үчүнчүсү 2490 грамм салмакта төрөлдү»,- деп берилет билдирүүдө.

Башкы дарыгер эрте төрөлгөн ымыркайларды багуу клиникалык протоколго ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Учурда эненин абалы канааттандырарлык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2132