Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Шаршенбеков 16-апрель күнү 60 кг чейинки салмакта чечүүчү финалдык беттеште япониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде утту.
Ата мекендик спортчу финалга чейин индонезиялык (11:0), өзбекстандык (8:0) жана ирандык (11:0) балбандарга бир дагы упай бербей таза жеңиш камсыздай алды.
Эске салсак, Жоламан ушуну менен Азиянын үч жолку чемпиону болду. Мындан сырткары, катары менен Дүйнөнүн эки жолу чемпиону болгон (2022-2024-ж.ж.). Анда алтын медалдан тышкары Париж Олимпиадасына дагы жолдомо алган. Ошондой эле Дүйнө чемпионатынын эки жолу күмүш байгесине ээ болгон (2018-ж., 2021-ж.). Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын бир нече жолку байгенин ээси.