Грек-рим стилинде, 60 кг чен бирдикте күрөшкөн Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк Күрөш Уюмунун (UWW) 2022-жылдын акырына жарыялаган мыктылардын тизмесинде биринчи орунга жайгашты.
Жоламан сентябрь айында Белградда өткөн Дүйнө Чемпионатынын алтын байгесинин ээси болгон.
Жоламандан кийин, 2-орун Болгариялык Эдмонд Назарян, 3-орун азер балбаны Мурад Маммадов, андан кийин боордош түрк жана казак элинин балбандары Камал Керем менен Айдос Султангали көрсөтүлгөн.