Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо утту.
Ал жарым финалда ирандык спортчу Мохсен Неджад менен беттеш өткөрүп, атаандашын 4:3 эсебинде жеңди.
Шаршенбеков эртең япониялык Кенитиро Фумиты менен беттешке чыгып алтын үчүн күрөшөт.
