7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сөөктү баласы көрүп калган» Чүйдө 64 жаштагы шектүү өз аялын сабап өлтүрдү

13630

Чүй облусунун Чүй айылында аялын өлтүрө сабады делип жолдошу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-июлда аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Териштирүү учурунда каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, 63 жаштагы Т.С. аттуу аял экендиги такталып, сөөккө кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары байкалган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы Т.А. аттуу баласы ата-энесинин үйүнө келип, сөөктү байкап, милицияга кайрылганы маалым болгон.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип каза болгон аялдын 64 жаштагы Т.А. аттуу жолдошу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

13631