7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бийлик өз көзөмөлүнө алды» Аквапарктын түтүгү соруп кеткен Стастын өлүмү

21905

27-июлда «Золотые пески» пансионатынын аймагында 18 жаштагы бала каза болду. Аны аквапарктын түтүгү соруп кеткен.

Социалдык тармактарда каза болгон бала тууралуу маалыматтар жарыяланды.

Бала бар болгону 18 жашта болгон жана аты Стас экени белгилүү болду.

«Ал жерде баарыбыз сүзүп жүргөнбүз. Түтүктө ар бирибиз болуп калышыбыз мүмкүн эле. Чоң түтүктө эч кандай тосмо жок болчу. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок, Стасты бизге эч ким кайтарып бере албайт. Ал сүзүп чыга албай жалдырап жардам сураган. Аны колунан тартып жаттык. Бирок күчүбүз жетпей койду»,- деп жазган автор.

Буга ылайык, Стастын өлүмүнө байланыштуу жагдайды Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу облус башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бул факты Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан “кокустуктан адам өлтүрүү” беренеси боюнча сотко чейинки иш козголуп, топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бүгүнкү күндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

21906