Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы заманбап автобустарды сатып алганга Кыргызстанга 33 миллион евро бөлүп берет.
Маалыматка ылайык, 27-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны болуп өткөн. Анда депутаттар «Жашыл шаарлар 2», «Терезе 2» алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык жана кредиттик макулдашуулардын долбоору жөнүндө (КР Экономика жана финансы министрлигинин 2021-ж. 22-июлундагы № 16-3/5872 каты) маселени карашкан.
Анын жыйынтыгында, автобустарды алып келүү үчүн каражат бөлүнгөн.