7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыздын балбан кыздары Токиодогу Олимпиадага учуп кетишти

2021

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Токиого сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетти.

Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев узатышты.

Спортчулардын таймаша турган күнү:

— Айпери Медет кызы 1-августта саат 08:00дө Токио Олимпиадасындагы биринчи мелдешин өткөрөт;

— Мээрим Жуманазарова 2-августта саат 08:30да күчүн сынайт;

— Айсулуу Тыныбекова 3-августта саат 8:30да килем үстүнө чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2022