7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөтүн көрсөткөн айдоочунун унаасы айып короого токтотулду

177

Бишкекте айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөтүн көрсөтүп, терезелерин караңгылатып алган айдоочунун унаасы айып короого токтотулду. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирет.

«Бул унаанын айдоочусу уруксааты жок алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган. Токтотулган учурда айдоочунун айдоочулук күбөлүгүнүн оригиналы жок болгондуктан, сүрөтүн көрсөттү.

Урматтуу айдоочулар, айдоочулук күбөлүктүн сүрөтү болбойт. Анткени сүрөттү оңой эле жасап алса болот, ошондуктан ал документ катары эсептелбейт», — делет маалыматта.

Белгилей кетсек, айдоочу өзү менен бардык зарыл болгон документтерди алып жүрүүгө милдеттүү. Эгерде оригиналы жок болсо, Түндүк электрондук тиркемеси аркылуу көрсөтүүгө укуктуу.

178