7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сүзүп, башына муштагылап». Бишкекте кыз кордогон мыкаачынын видеосу талкууда

1252

Социалдык тармактарда карапайым эл, ал тургай айрым белгилүү адамдар жеке баракчаларына бөлүшүп, бул окуя анык иликтенип, эркек сөөрөйдү жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 8-ноябрда саат 14:00 чамасында «Дордой Плаза» соода түйүнүнөн алыс эмес жерде болгон. Окуянын күбөсүнүн айтымында, унаа токтотуучу жайда аял менен эркек кишинин ортосунда түшүнбөстүк болгон. Көп өтпөй эркек киши аял кишиге аёосуз кол көтөрө баштаган. Алгач аны сүзүп, андан соң башка муштагылап далдоо жакка чейин кубалап барган. Андан ары ага кандай кордук көрсөтүлгөнү белгисиз.

Ал эми коомдук активисттердин айрымдары: «Мен укук коргоо органдарынан бул презервативдин ким экендигин тактап берүүсүн абдан суранам. Ал эми кыз укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Суранам! Тууганыңа да, эч кимге караба. Сиз бул үчүн күрөшүп, коргонушуңуз абдан маанилүү!», -деп пост жазышууда.

Белгилей кетсек, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя боюнча бир аздан кийин комментарий берерин айтты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1253