Референдумга саат 10:00гө карата 181 миң 801 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
«Жалпы 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу бар. Анын 5,04 пайызы добуш берди. Бишкекте 13 миң 458, Ош шаары 12 миң 65, Жалал-Абад обулус 42 миң 576, Ысык-Көл облусу 13 миң 661, Нарын облусу 10 миң 383, Ош облусу 42 миң 158, Талас облусу 8 миң 409, Чүй облусу 22 миң 426, Баткен облусу 16 миң 292, чет өлкөлөрдө 373 адам добуш берүүгө катышты», — деди Шайлдабекова.