7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сабырбек Жумабеков: «Чыңгыз Айтматов депутаттыктан баш тартканымды угуп маңдайымдан сүйүп, батасын берген»

3204

Белгилүү профессор, травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков бул ирет биздин «Эл сыймыгы» берүүбүздүн коногу болуп, бир нече суроолорго жооп берди. Биз барган учурда бешинчи операциясын жасап, дагы эки операцияга кирип бара жаткан жеринен суранып жатып операция учурун дагы тартып алууга уруксат алдык. Эки саатка чукул убакытта эки операциясын аяктап чарчаган абалда чыкты, бирок ага да карабай кезекке туруп күтүп жаткан бейтаптарды кабыл алуусу зарылдыгын айтты. Ошол арада бир нече суроолорубузду берип алууга үлгүрдүк.

Агай, жалпысынан баш аягы бүгүн 7 операция жасаптырсыз, чарчаган жоксузбу? Азыр түшкү тамактануу учуру болуп калбадыбы?
Чарчадым, биз дагы робот эмеспиз да. Бирок сыртта зарыгып күтүп жаткан адамдарды кабыл албасам дагы болбойт. Алар дагы чыдамсыздыкта күтүп отурушат да. Түшкү тамактануу дегенди унутканбыз, өмүрдө обед кылган эмесмин. Кээде эле адашып болуп калбаса дээрлик жумуш үстүндөбүз.
— Кантип эс аласыз? Негизи эс аласызбы?
— Жөө басканды жакшы көрөм. Дем алыш күндөрү көбүрөөк басам, чуркайм. Азыр неберелерим чоңоюп, аларды эркелетип жатып эле эс алып, стресстин баарын унутам.
Адашпасам мындан 4,5 жыл мурда болсо керек бири жигиттин бутун 31 сантиметрге өстүрүп, ал ишиңизди Гиннес китебине каттоо үчүн кат жиберген экенсиздер жообу кандай болду?
— Биз Темирбек деген баланын бутун чындап эле өстүрдүк. Операцияны 16 жашында баштаганбыз. Кашка жилигин 11 сантиметр, ал эми шыйракты 20 сантиметрге өстүрүү үчүн 3, 4 жыл убакыт кетти. Гиннеске жөнөттүк, бизге номур берип каттады, бирок толук кандуу жообун ала элекпиз. Болгону алар бизге 16 жашында бала өзү дагы өсмөк деген жүйөө келтирип, ушул сыяктуу доомат коюп жатышат. Анын бой өсүүчү каналдары жараксыз болуп калган деп айттык, бирок али жообун ала элекпиз.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портретин көрүп, сурагым келүүдө. Мурда бир жерден уктум эле, «Депутаттыктан баш тартканымды угуп батасын берип, аябай ыраазы болгон» деген экенсиз, ошону өз оозуңуздан уксак.
Мен 2007-жылы депутаттыкка талапкерлигимди коюп, Таластан биринчи орунду алдым. Анан бул жакка келсем ооруканадан апалар, эжелер тосуп алып аябай урушкан. «Сен эмне депутат болосуң. Биз сени бул жерде канча күндөн бери күтүп жатабыз» дешип. Таласта эл менен жолугушууларда дагы көп уктум ошол сөздү. Анан келип өзүм дагы ойлондум. Мандат тапшырып, ант берүүчү күнү трибуна чыгып, «Мен өмүрүмдө бир эле жолу Гипоркратка ант бергем. Ошол боюнча эле калайын» деп арызымды тапшырып, чыгып кеткем. Анын ошол эле жылы жазда Жазуучулар союзуна бир сыйлык беребиз деп чакырып калышты. Барсам Чыңгыз Айтматов баштаган бир топ залкарлар бар экен. Анан Чыңгыз атабыз, «Сен парламентке барганда эмнени кыйратмак элең, андан көрө ушул ишиңде сенин элге пайдаң чоң. Баш тартканыңды угуп сүйүндүм» деп, маңдайымдан сүйүп, батасын берген. Бул мен үчүн сыймык, тарых дегендей.
— Бар болуңуз агай, чоң рахмат! 

Маектешкен Гүлзада Абдырахманова.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3205