7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Сабырдын түбү – сары алтын”. Муфтият элди сабырдуулук менен акылмандыкты көрсөтүүгө чакырды

148

Муфтият түнкү башаламандык тууралуу айтып, элди кызуу кандуулук жана ачуулануу менен реакция кылбай, сабырдуулук менен акылмандыкты көрсөтүүгө чакырды.

“Сабырдын түбү – сары алтын” Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу калайык-журт! Жалпыга маалым болгон кечээги окуялар көпчүлүктү терең тынчсыздантып, ушул куттуу мекенибиздин суусун ичип, тузун татып жаткан соң айрым конокторубуз сыйга-сый кылып, меймандос эл менен достукта, бир туугандыкта күн кечиришсе жакшы болмок деген ойдо экени ырас. Бирок маселени терең талдай турган болсок, кырдаал биз уккандан, биз түшүнгөндөн, биз жыйынтык чыгаргандан такыр башкача болушу толук ыктымал экенин эскертебиз. Кызыл туунун алдында бир муштумга бириккен мусулман кыргыз элинин ыркын кетирип, наркын качырып, тынчтыкта жана бакубаттыкта өнүгүү жолундагы өлкөбүзгө кара санаган күчтөрдүн чагымы болушу да мүмкүн.  Андыктан улуу динибиз аркылуу каныбызга сиңген сабырдуулук, толеранттуулук, айкөлдүк жана меймандостук сапатыбыздан тайбай, бул жолу да бийиктикти жана тереңдикти көрсөтүүбүз кажет. Анткени  Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп билдирет:

«Эй, ыймандуулар! Эгер силерге бир бузуку (адам) кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык  кылып, кийин өкүнүп калбаш үчүн оболу аныктагыла!».

Пайгамбарыбыз (Алла Таала андан ыраазы болсун) мындай дейт: Бири-биринерди жек көрбөгүлө, бири — бириңерге ич тардык кылбагыла, бири — бириңерге жүз үйрүп, аркаңарды салбагыла оо Алланын кулдары! Баарыңар бир тууган болгула.

Дагы бир хадисте пайгамбарыбыз ( Алла Таала андан ыраазы болсун) мындай дейт:

«Бирөөгө жамандык кылууга жана жамандыкка жамандык менен жооп берген болбойт»,- деп айткан.

Ушул улуу аят, хадистерге амал иретинде коомдо катталган курч окуяларга даароо кызуу кандуулук жана ачуу менен реакция кылбай, сабырдуулук жана акылмандык менен чечим кабыл алганыбыз туура. Эгерде кимдир-бирөө мыйзам бузуп, кылмыш кылган болсо, чара көрө турган мамлекетибиз бар. Баарын мыйзам жана абийир алдында тескей турган укук коргоо органдарыбыз бар. Демек жаран катары мамлекетибизге ишеним артып, болуп кеткен жагымсыз окуялар өз убагында тийиштүү мекемелердин аракети менен заматта токтоп, мыйзам бузган тараптарга чара көрүлөт деп ишенебиз”,-деп берилет маалыматта.

149