Бүгүн, 30-сентябрь Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер каралган сессиясында депутат Улукбек Садиков Ош шаарынын борборунда ээси жок 1 километр жол бар экендигин айтып чыкты.
Эл өкүлүнүн айтуусунда ага транспорт министрлиги, Ош шаардык мэриясы, Кара-Суу району да «Бул жол биздин баланста эмес»-деп кат беришкен.
Садиков, «Жолдун ээсин таап баланска алгыла же «Кыргызстандын менчиги эмес»- деп кат бергиле, башка өлкөгө сата берели» -деп ультиматум койду.