7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садык Алахан: Жайсаңчылар Манас тууралуу сот чечимин дагы көзгө илбейт

616

Кыргыз улуттук университетинин проректору, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан: Мындан 10-15 жыл мурда жайсаңчылар биринчи китептерин чыгарганда, Манасты изилдеген дасыккан илимпоз-адистер аны этибарга албастан, көп көңүл бурбай калган. Андан пайдаланып, эпостун идеясын бурмалагандар асмандан алынган текстти 10 томдук китеп кылып чыгарды жана чет тилдерге да которуп жиберди.

Муну кыргыз улуттук идеологиясына каршы жасалган диверсия деп да атаса болот. Акырында Баш прокуратура өзү кылмыш ишин козгоп, натыйжада райондук, облустук жана Жогорку сот жайсаңчылардын чыгармасын экстремисттик текст деп таап, аны таратууга тыюу салып, бардык дүкөн-китепканалардан алдыртуу чечимин чыгарган. Бирок, ага карабастан, соттун чечимин дагы көзгө илбей, жайсаңчылар өз аракеттерин улантууда…

617