7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр менен Кыдыр акенин тою. Каракол шаарында 50дөй боз үй тигилди

925

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда. Бүгүн расмий түрдө старт берилип, «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль башталды.

Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада салт санаасын менен таныштырышууда. Андан сырткары кыргыз казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүүдө. Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтышууда.

Иш-чара 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыктары чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

926