7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ак-Талаа районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

145

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда жашоочулар жарандардын укуктарын коргоо, сот иштерин кароо, жер маселелери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактары, ишкерликти жана айыл чарбасын колдоо сыяктуу бир катар маанилүү маселелерди көтөрүштү.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү айрым соттук териштирүүлөргө, кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду. Жарандар сот чечимдерин кайра карап чыгуу, тергөө иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана алардын кайрылууларына калыс баа берүүнү өтүнүштү.

Мамлекет башчысы мындай маселелердин баары мыйзам чегинде гана каралышы керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга ар бир кайрылууну кылдат иликтөөнү тапшырды.

146