Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин операциясы үчүн 42 миң доллар берди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
Билдирүүгө караганда, аталган сумманы ооруканага актёрдун жубайынын колуна тапшырып кетишкен.
Бир түндө 3 миң доллардан ашык акча чогултулганы маалымдалган. Учурда Мурадиллаевдин операциясына акча чогултуу аяктады.
Белгилей кетсек, буга чейин операцияга 45 миң доллар керек экендиги айтылган.