7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды

13

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды.

Жамиля Жаманбаева мамлекет башчысына акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, иштин негизги жыйынтыктары жана акыркы жылдарда жетишилген натыйжалар, ошондой эле жарандардын укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоо мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктарынын бири экенине токтолду.

Мамлекет башчысы кыйноолорду колдонуу же жарандардын укуктарын бузуу боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда акыйкатчы институтунун кызматкерлери толук жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, мыйзам тарабынан кепилденген жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылып, укук коргоо органдары тарабынан мүмкүн болуучу басымдан же мыйзамсыз аракеттерден коркпостон алардын кызыкчылыктарын коргошу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

Өлкө башчы жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

14