7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» комплексинин курулушун баштап берди

32

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Иш-чаранын алдында конокторго видеоролик жана театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров өз сөзүндө «Ала-Тоо Резорт» – жөн гана комплекс эмес, улуттук экономикабыздын көтөрүлүшүнө олуттуу салым кошо турган, элдин турмушуна жаңы дем болуучу, дүйнө жүзүнө кыргыз жеринин табиятын таанытып, ата мурасын даңазалай турган ири долбоор экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы долбоор төрт мезгилде тең иштей турган, эл аралык стандарттарга жооп берген, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланарына ишеним билдирди. Биринчи этапта ал Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыйт жана азырынча негизинен Ысык-Көл өрөөнүнүн тургундарына белгилүү. Бирок келечекте, ишке ашырылышына жараша, «Ала-Тоо Резорт» дүйнөлүк маанидеги туристтик багытка айланат.

Садыр Жапаров билдиргендей, жакында Караколдон тоо-лыжа комплексине чейин төрт тилкелүү жолдун курулушу башталат. Кийинки жылдын күз айларына чейин жолду толук асфальттап, ушул жерге чейин жеткирүү пландалууда. Андан тышкары Каракол аэропортунан ушул жерге чейин өлкө жарандары үчүн да, чет элдик туристтер үчүн да тик учак каттамдары уюштурулуп, бир кыйла ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Президент бул өлкө тарыхында биринчи жолу ишке ашырылып жаткан ири туристтик долбоор экенин, аны түзүүгө жарандар көптөн бери чакырып келгенин, бирок ушул убакка чейин демилге көтөрүп, аны ишке ашырууга эч ким аракеттенген эместигин белгиледи.

Садыр Жапаров курулуш аяктагандан кийин долбоордун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа трассалары салынарын, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору орнотуларын, 4 миң унаага ылайыкталган токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар куруларын билдирди. Курорт жылына эки миллионго чейин туристти кабыл ала алат, ал эми туруктуу жумуш орундарынын саны беш миңге жакын болот.

Президент долбоор жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн Мекенинде иштеп калууга өбөлгөнүн, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болорун баса белгиледи.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин Жыргалаңда туристтик шаарча курууга арналган 49 жер тилкеси ачык аукционго коюлганын эске салды. Алардын ичинен 14үнүн ээлери аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн бардыгы мекенибиздин келечегине ишенген, атуулдук деми бийик кыргызстандыктар экени өзгөчө кубандырат.

Муну менен катар курулуш иштери эл аралык экологиялык стандарттарга шайкеш жүргүзүлөт. Курорт табигый кар менен кошо жасалма кар жаадыруу ыкмасы аркылуу жылына жети айга чейин иштей алат.

Келерки жылы биринчи фазасын эксплуатацияга берүү пландалууда, ал эми декабрь айында Жыргалаңда тоо-лыжа зонасы ишин баштайт. Курорт чет өлкөлүк туристтерди да, өзүбүздүн жарандарды кабыл алууга даяр болот.

Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктап, натыйжада экономика менен экология айкалышкан, адамдын жан дүйнөсү жапайы жаратылыш менен жуурулушкан заманбап курорт ачыларын белгиледи.

Президент бардык кыргызстандыктарды күч-аракетти бириктирип, «Ала-Тоо Резортту» чыныгы улуттук долбоорго – жаратылышка жакындыктын, элдик биримдиктин жана Кыргызстандын жаркын келечегине болгон умтулуунун символуна айлантууга чакырды.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров мейманканалар жана туристтик объектилер курула турган жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшырды.

33