7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды

531

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы жеке баракчасынан мамлекеттик жетекчилерге катуу эскертүү берди.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын.

Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат.

Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат.

Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды.

Инвесторлорго эскертүү:

Колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары  аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле.

Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле.

“Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген сыяктуу бюрократиялар болбосун.

Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз”,-деп берилет билдирүүдө.

532