7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров алгачкы иш сапарын эмне үчүн коңшу өлкөлөрдөн баштаганын айтты

450


Садыр Жапаров алгачкы иш сапарын эмне үчүн коңшу өлкөлөрдөн баштаганын айтты. Бул тууралуу ал «Казинформ» маалымат агенттигине маек берип жатып айткан.


Журналист өлкө башчыга: «Сиз президент болуп шайландыңыз. Жакында эле Россия Федерациясына иш сапарыңыз менен барып келдиңиз. Алдыда Казакстанга болгон иш сапарыңыз күтүлүүдө. Эмне үчүн сиз бул эки өлкөнү тандадыңыз жана Казакстанга кандай сунушуңуз менен багыт алуудасыз?», — деген суроо узаткан.

Ал эми өлкө башчы, «Президент болуп шайлангандан кийин биринчилерден болуп Касым-Жомарт Кемелович чакырган, мен дагы убада бергем. Бул эмне үчүн алгачкы иш сапарымды Орто Азиянын ичинен Казакстандан баштап жаткандыгымдын бирден-бир себеби. Экинчиден, казак-кыргыз бир тууган жана боордош элбиз. Бизде эки өлкөнү бириктирип турган көптөгөн кызыкчылыктар бар. Ошол үчүн мен бир тууган элге бара жатам. Эмне үчүн биринчи сапар Россияга болду? Россия тарап менен бизде протоколдор жана келишимдер мүмкүн болушунча тез арада кол коюуга даярдалган. 2-3-мартта мамлекеттик иш сапар менен Казакстанга барышым күтүлүүдө. Ошондой эле Өзбекстанга болгон иш сапарым пландалууда. Мындан тышкары, Кытайга жана Түркияга да баруу пландарым бар. Бардык мамлекеттер менен мамилелердин жогорку деңгээлине жетүү үчүн биз көп күч-аракет жумшашыбыз керек. Бул биздин саясат», — деп жооп берген.

451