7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Алтай” шаарчасын куруу масштабдуу долбоорун баштап берди

2

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Бишкек шаарындагы “Алтай” шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

“Алтай” — бул 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана социалдык комплекстин ири масштабдуу долбоору. Бул жерде 1551 беш кабаттуу турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир каралган. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат.

Долбоор тургундардын жайлуу жашоосуна ылайыкташтырылган, толук кандуу социалдык инфраструктураны камтыйт. Бул жерде мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар, ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милиция бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу борборлору курулат. Эс алуу жана бош убакытты өткөрүү үчүн аянты 50 гектар болгон чоң сейил бак, заманбап спорттук жана балдар аянтчалары каралган.

Транспорт тармагы — дээрлик 86 чакырым ички жол, 50 чакырым тротуар, ошондой эле 34 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайлар болот.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө “Алтай” комплекси калкыбыздын турак жайга болгон муктаждыгын жоюу жана шаар инфратүзүмүн жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн иштелип чыкканын белгиледи. Мамлекеттик келишимге ылайык, батирлердин 10%ы, башкача айтканда 3 400 даанасы мамлекетке өткөрүлүп берилет.

“Борбор калааны, ошондой эле өлкөбүздүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, элибиздин бакубатчылыгы үчүн шарттарды түзүүгө белсенип, күч аракетибизди жумшап келебиз.

Өлкөбүздүн куттуу борбору Бишкек шаарын келечек муундарга өнүккөн шаар катары калтыралы деген илгери үмүт-тилек менен ушул шаарчанын курулушун түптөп жатабыз”, — деди Мамлекет башчысы.

Ал бул комплекс чөлкөмдөгү эң ири курулуш долбоору болуп саналарын баса белгилеп, комплекстин курулушу бүтүп, эл көчүп келсе, жаңы дем, жаңы чөйрө, жаңы маданияттагы өзүнчө бир шаарчага айланарына ишеним билдирди.

“Азыркы учурда 200 миңден ашуун жараныбыз турак жайга муктаж экенин эске алганыбызда, мындай ири долбоор – мезгилдин талабы! Биз калкыбыздын муктаждыгын канааттандырмайынча, элибиздин батасын алмайынча өнүгүүбүз кыйын. “Алтай” долбоору – дал ошол муктаждыкты канааттандырып, элдин батасына арзыйт деген бекем ишенимдемин”, — деп белгиледи Президент.

Иш-чаранын соңунда Мамлекет башчысы мезгил кутусун салуу аземине чакырылган Биринчи май районунун тургундары менен баарлашты.

Сүйлөшүү учурунда жашоочулар билим берүү инфраструктурасы менен камсыз кылуу, турак жай массивдериндеги шарттарды жакшыртуу, коммуналдык жана жол маселелерин чечүүгө байланыштуу бир катар социалдык-тиричилик маселелерин көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров айтылган сунуштарды угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандардын кайрылууларын ар тараптуу карап чыгууну жана зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

3