7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Алымкадыр Бейшеналиев досум да эмес, “братым-сватым” да эмес

384

«Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү. Эгер уюган коррупцияны, уюган уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине интервью берип жатып айтты.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык!

— Садыр Нургожоевич бул жолу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланыштуу маселелерге токтолсок. Алгачкы эле суроо, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиев президенттин ишенимине кирип алып туура эмес иштерге барып атат дейт. Сиз менен достук мамилеси барбы?

— Досум да эмес, “братым-сватым” да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. “30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм.

Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү. Эгер уюган коррупцияны, уюган уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек.

Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз.

385