Табигатыбызды көздүн карегиндей сактоо зарылдыгы учурда өтө актуалдуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
“Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерге айласыз дагы бир өтүнүч менен кайрылууга туура келип жатат.
Акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычтарынан жыйнаган торлордун узундугу 5 миң 700 километр болду.
Бул деген Бишкек-Москва-Санкт-Петербург шаарына чейинки аралык. Балык кармайбыз деп браконьерлер салган торлорго канаттуулар да түшүп, өлүп калып жатышат.
Бул эмне деген акмакчылык? Ошондуктан айрыкча суу жээгинде жашаган элдерибизге кайрылам:
Сиздер айылыңарда кимдер браконьерлик кылаарын жакшы билесиздер. Аларды уяткарып, токтотуп, сиздер да жардам бербесеңиздер тиешелүү органдар жетишпей жатышат.
Жаратылыш баарыбыздыкы. Ошондуктан ар бириңер жарандык, атуулдук милдетиңерди аткарып, көзөмөлгө алыңыздар. Сөзүм куру болбош үчүн далилдерди келтирейин.
Мисалы, 2022-жылдан 2025-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин Ысык-Көлдөн 34 миң 454 даана тор алынган. Алынган торлордун жалпы узундугу 5 миң 659 километр 700 метрди түзгөн.
Анын ичинен:
2022-жылы 1 миң 115 тор алынган, анын узундугу 700 километрди түзгөн;
2023-жылы 12 миң 232 тор алынган, анын узундугу 1 миң 819 километрди түзгөн;
2024-жылы 18 миң 679 тор алынган, анын узундугу 1 миң 500 километрди түзгөн;
2025-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 2 миң 428 тор алынган, анын узундугу 1 миң 700 километрди түзгөн.
Башкача айтканда алынган торлордун жалпы узундугу 5 миң 700 километрди түзөт.
Жаратылышыбызды таза сактап, кийинки муундарга өткөрүп бериш ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Ушуну ар бириңиздер эстен чыгарбаңыздар. Жаратылышыбыз жардам сурап жатат.
Браконьерлерге да кайрылат элем:
Айланайындар, башка иш калбай калса дагы жаратылышыбызга кыянатчылык кылганды токтотсоңуздар!
Силер жайган тордон балыктар эле эмес өрдөк куштар да жабыркап жатат. Силер деле биздин жарансыңар да. Силердин деле бала-чакаңар, небере-чөбөрөңөр Кыргызстанда жашап, Мекенибиз деп сыймыктанып жүргүсү келеттир?!
Бабаларыбыздан калган табигатыбызды көздүн карегиндей сактоо зарылдыгы учурда өтө актуалдуу. Ага ар бирибиз, чоң-кичине дебей салым кошолу!”,- деди өлкө башчы.