7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров аркан жол куруучу компаниянын жетекчиси менен жолугушту

315

Президент СадырЖапаров бүгүн, 8-августта, Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эске салсак, аталган австрия-швейцариялык топ Чүй облусундагы «Ала-Арча» жаратылыш паркында жана Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринде аркан жолун куруу долбоорун ишке ашырууда.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, курулуштун графигин сактоонун жана иштин жогорку сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан объектилер өлкө тургундарын да, чет элдик конокторду да кызыктырган маанилүү туристтик жайларга айланарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Михаэль Доппельмайер көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, компания Кыргызстан менен кызматташканына сыймыктанарын жана долбоорлорду аткаруунун эл аралык стандарттарга шайкеш жогорку деңгээлин камсыздоого даярдыгын баса белгиледи.

316