7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

551

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды.

Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н. Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

552