7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Атамбаевдин дооматтарына жооп берди

32

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Алмазбек Атамбаевдин энергетика тууралуу билдирген дооматтарын четке кагып, “энергосистема сазга батканы” боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Президент Кыргызстанда иштеген майнинг фермаларга да токтолду.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич, коомчулукта актуалдуу темалар пайда болгон сайын Сизден комментарий алганга аракет кылып келебиз. Бул жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика маселеси боюнча кайрылуусуна карата Сиздин көз карашты билсек дедик эле.

 Мен анын кайрылуусун окуган жокмун. Андай “былжырбай” кайрылууларды окуганга убактым деле жок. Басма сөз катчым оозеки айтып бергенинен уктум. Жооп бербей эле коеюн дедим эле. Келип калыпсың мейли жооп берейин эми. Капа болуп кайтпа.

— Рахмат. Ал киши сиздин Бишкек-Каир-Вашингтон-Бишкек сапарында учактагы убакытты пайдаланып үч маселе боюнча кайрылууңузга реакция кылды.

Тагыраагы анын ичинен энергетика маселеси боюнча сөз кылып, менин бийлигим убагында өлкөнүн энергетика тармагы өнүккөн деген ойду айткан.

Ошону менен бирге азыр энергетикалык каатчылыкка контролсуз иштеп жаткан майнинг-фермалар себеп деген да оюн билдирген.

Анын айткандарын энергетика министри чындыкка дал келбейт жана манипуляция деп сыпаттап, өзүнүн аргументтерин келтирди.

Бирок, коомчулук үчүн Алмазбек Атамбевдин айткандарына карата Сиздин жооп дагы кызык болсо керек? Өлкөдө чындап эле майнинг-фермалары көппү? Сыр болбосо канча майнинг-ферма бар? Алардын иштөө шарттары кандай? Экономикабызга олуттуу салым кошушабы?

– Энергетика системасы боюнча башкасы сүйлөсө да Атамбаев сүйлөбөй эле койбоптур да. Ага чейинкилер энергосистемабызды кризиске алып келген болсо, Атамбаев сазга батырган.

Ошол саздан дагы деле чыга элекпиз. Кудай буюрса эмдиги жылы чыгабыз. Сөзүм куру болбос үчүн сандар, фактылар менен далилдеп берейин.

Салыштырып көргүлө.

1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болгон.

2010-жылдан 2020-жылга чейин 123 миллиард сом же 1 миллард 323 миллион долларга жеткен. Айырма 10 эле жылда дагы 110 миллиард сомго көбөйүп кеткен. Салыштырып көрсөңүздөр.

1990-2010-ж.

20 жылда 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010дон-2020-жылга чейин 10 эле жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулуп жатышат.

Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллард сом же 1,5 миллиард долларга жеткен.

Бул деген сөз сазга тизесине эмес, кекиртегине да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган.

Энергокомпаниянын кызматкерлерине банктан үстөгү менен кредит алып эмгек акы берип калат деген эмне деген маңкуртчулук. Мындай жорукту дүйнөдө эң артта калган мамлекеттер деле кылбаса керек.

Мисалы 2010-жылдан 2020-жылга чейин РСК банктан 201 миллион сом үстөгү менен кредит алып, баса белгилеп айтам, болгондо дагы үстөгү менен алып энергетика тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөп жүрүшкөн. Мен муну куру сөз менен айтып жаткан жокмун. Кагаздардын баары банктын жана энергетиктердин архивдеринде документально турат.

2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин айлык акыларды төлөө үчүн деп биз банктан 1 тыйын алган жокпуз.

Тескерисинче 2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 137 миллиард сом карыздын 112 миллиард сомун жаап бүттүк. Калган 25 миллиард сом карызын эмдиги жылы жаап бүтөбүз.

Энергосистемабызда 2020-жылга чейин коррупция, ар кандай жеке кызыкчылыктагы уурулук схемалар бар болчу. Биз анын баарын талкалап жок кылдык. Азыр ал жакта схема, уурулук деген жок. Ошол үчүн тездик менен карыздарынан кутулуп келе жатышат. 2027-жылы Кудай буюрса, биринчи жолу кирешеге чыга башташат.

Майнинг боюнча сурооңо жооп берсем мындай.

Бизде эки эле майнинг иштейт. Экөө тең менин көзөмөлүмдө.

Бирөө Кеминде, экинчиси Камбар-Ата-2де.

Кеминдеги “Соларкоин” майнинг-фермасы 30 МВт менен 2023-жылдан бери иштеп келе жатат.

100 пайыз Россиядан Казакстандын КЕГОК компаниясы аркылуу импорт транзит кылып келип иштетет. Баары ачык көрүнүп турат. Министрликтен текшерсеңер болот. Жашыруун эч нерсеси жок. Электроэнергия бул темир же көмүр эмес. Жашыруун өткөрүп кеткидей. Бизден 1 кВт албайт.

Биздин Казакстан менен чек арадагы 500 кВттык “Фрунзе” станциясынан баштап Кеминге чейин 1 кВтына 38 тыйын транзит да төлөшөт. Энергосистемабыздын эсебине алардын транзитинен түшкөн пайда бүгүнкү күнгө чейин 172 миллион сом болду.

Республикалык бюджетке салык түрүндө 22 миллион сом төлөштү.

Жумушчу орундарын түздү. Ток этер жерин айтканда, биздин өлкөбүзгө үч жагынан пайда алып келип жатат.

Камбар-Ата-2деги майнинг боюнча силерге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Оозун чоюп демагог, популист болуп коррупция бар деп сүйлөп жаткан саясатчыларга мындан ары майнинг жөнүндө сөз кылышса ишене бербегиле.

Майнинг дагы 30 МВт менен иштейт. Ал майнингди аталган ГЭСке өзүбүз суранып жүрүп курдурдук. Эмне үчүн?

2009-жылы ал ГЭС салынганда 120 МВт менен ишке кирген экен. Бирок жаңы трансформатор менен жаңы линия курулбастан андан чыккан энергия эски, баягы эле 60-жылдардагы трансформаторлор жана эски линиялар менен элге жиберилип турган.

Эски линиялар менен трансформаторлордун күчү 90 эле МВт болуп, 120 МВттын 30 МВты иштелип чыкпай кала берген.

Ошол кубаттуулукту бекер кетирбей ошол 30 Мвт кубаттуулукту сатып алып жатышат. Ошол үчүн майнинг Камбар-Атанын ичине салынды.

2009-жылдан бери 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куру жалак калыптырбыз. Бекер эле жоготуу болуп кала берген.

Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз.

Бул үчүн 2020-жылга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 11 жылдан бери бул станциядан 30 МВт жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес.

Биз буга көңүл буруп, мына ошонун негизинде “МБТ-Строй” компаниясы менен 2023-жылдын декабрь айында “Кыргызстан УЭТ” ААК жана “Электр станциялары” ААК тарабынан үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ал келишимде “Электр станциялары” ААК “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги 30 МВт жоготуу болуп келген кубаттуулукту “МБТ-Строй” компаниясы жана “Кыргызстан УЭТ” ААКтын тармактары аркылуу элге транзит кылуу макулдашылган.

Инвестициянын жалпы суммасы 1 миллиард 500 миллион сомду түзөт.

Мындан сырткары мамлекет тарабынан “МБТ-Строй” ЖЧКга төмөнкү иштерди аткаруу милдеттендирилген:

1) Азыр ушул тапта «Камбар-Ата» көмөк чордонунда 2 даана 25 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлорун оңдоп-түзөтүү иштери жүрүп жатат.

Бардык тетиктерди орнотуп, жалпысынан 429 миллион сом салышты.

2) «Күрп-Сай» ГЭСиндеги 220 кВттык 2 жаңы автотрансформаторду орнотуу менен реконструкциялоо иштери жүрүп жатат, инвестициянын суммасы 736 млн сомду түзөт;

Азыр ушул тапта иштер уланууда.

3) «Күрп-Сай» ГЭСинен «Абасбеков» көмөк чордонуна чейин 110 кВ аба чубалгысын жаңылоо, узундугу 35 км;

Ушул тапта иштер жүрүп жатат.

4) «Абасбеков» көмөк чордонунан «Камбар-Ата-2» ГЭСине чейин 110 кВ аба чубалгысын жаңылоо, узундугу 57 км;

Ушул тапта иштер жүрүп жатат.

Бардык реконструкция боло турган аба чубалгаларынын узундугу 92 км түзөт. Ушунун баарын жакын арада бүтүшөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн иштерге жумшалган инвестициялар болжол менен 4 жылда өзүн актайт. Андан кийин жаңы орнотулган трансформаторлор, жаңы салынган линиялардын баары майнинг-сайнинги менен кошо мамлекетибиздин пайдасына тагыраагы энергетиктерге калат. Келишим ушундай.

Биз ар бир жасап жаткан ишибизди жети эмес, жетимиш өлчөп бир кесип атабыз. Мамлекетке зыян келчү иштерден дароо баш тартабыз.

Бул майнинг мамлекетибиз үчүн болуп көрбөгөндөй пайдалуу иш. Себеби 4-5 жылдан кийин майнинг дагы, жаңы салынган трансформаторлор менен 92 км жаңы линия дагы мамлекеттин менчигине өтөт. Линиялар азыр деле мамлекеттики.

Демек, бул майнинг кимдир бирөөлөрдүн же минстр менен менин кызыкчылыгым үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат.

Азыр депутаттыкка талапкерлер да майнингдерди айтып чыгып хайп кармай башташты. Иштин түпкү тамырын билбегенден кийин мурдуңарды тыкпагыла деп эскерте кетет элем.

Мен жогоруда мамлекетке кандай пайда алып келет экенин айттым.

Азыр мурдакы бийликтегилердей болуп чөнтөккө иштеген эч ким жок.

Чөнтөккө иштеген чиновниктердин тапканын кайра кайтартып, кызматтан алып атабыз. Мунун баарын эл көрүп турат. Албетте көрүп-билип туруп эле көргүсү келбегендер да бар. Бирок алар саналуу эле деп ойлойм. Бир чети андайлар да болуп турушу керек.

“Кой аксагы менен миң” деп коёт эмеспизби. Бизде демократия.

— Демек азыр эки эле майнинг ферма иштеп атат экен да?

— Ооба. Ал эки майнингден мамлекетибиз миллиондогон пайда көрүп жатканыбызга карабай, экөөнү тең убактылуу жаптык.

Кеминдеги майнингди калтырып койсок болмок. Анткени ал Россиядан импорт кылып келген өзүнүн энергиясы менен иштеп жаткан. Бирок аны да убактылуу токтоп тургула деп сурандык.

Бизде илгертен бери көнүп калган адат бар эмеспи. Өлкө үчүн бир жакшы ишти жасап баштасаң демагог саясатчылар кыйкырып чыга калса кокуй деп коркуп кетип ал ишти токтотуп коюшчу.

Ошентип өлкөбүз алдыга жылбай эле артка кеткен.

Эмне үчүн токтотуп коюшчу? Азыр мен ойлойм, сөзсүз түрдө өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар болуп турса керек деп.

«Доля» деп коебуз го. Ошол кызыкчылыгы ачылып калбасын «кокуй токтотолу, эл билип калды» деп токтотуп коюшчу окшобойбу?

Биз коркпойбуз жана токтотпойбуз. Себеби биздин жеке кызыкчылыгыбыз жок. Ошол үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы бар кайсыл иш болбосун алдыга жылдырып кете беребиз. Суук кетээри менен экөө тең кайра иштей башташат.

Башка бир дагы майнинг жок. Уруксааты, мамлекет менен келишими жок жашыруун мыйзамсыз иштеп аткан майнингдер болсо кармап, олчойто айып пул салабыз. Бул боюнча тиешелүү органдар тынымсыз иштеп атышат. Жашыруун иштеп аткан майнингдер табылса дароо кармап токтотушат.

Биздин өлкөдө майнинг иштетем деп келгендерге айтып атабыз. Азырынча кошуна же алыскы өлкөлөрдөн биздин мамлекетти аралаштырбай өзүңөр импорт алып келип иштесеңер иштей бергиле.

Анткени бир азырынча өзүбүздөн өндүрүлгөн энергияны силерге бере албайбыз, себеби өзүбүзгө жетпей жатат деп.

Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп бүткөндөн кийин майнинг-фермаларды өзүбүз издеп калабыз. «Келгиле бизге келип майнинг-ферма ачкыла» деп жалдырайбыз.

Анткени энергияны кимге сатабыз деп азыр деле айрыкча жаз, жай, күз мезгилдеринде кардар издеп калган убак болот. Майнингдерди чакырып келтире албай калган убак деле 7-8 жылдан кийин келип калат.

Азыр бул сөзүмдү да «баягылар» жомок деп чыгышы мүмкүн.

Ушул жомок деген сөздөн бир окуя эсиме түштү. Мындан жыйырма жыл мурда «Кумтөрдү мамлекетке алалы, өзүбүз иштетели, алтындар өзүбүздө калат, элибизди байыталы, мамлекетибиз көрүнгөн мамлекетке жалдырап грант сурабай калат. Себеби миллиарддаган долларлар жыл сайын казынаны толтуруп турат» дегенимде, “Сенин бул сунушуң «жомок», алсак эл аралык соттон утулабыз, утсак да биз кыргыздар өзүбүз иштете албайбыз, пенсия-пособия төлөй албай калабыз»,- деп мыйыгынан күлүшүп мени шылдың кылышкан «баягылардын» баары азыр деле көздөрү тирүү го.

Жомокту реалдуулукка айлантып койдук го. Кудай буюрса, энергосистемабыз дагы жомокко айлана турчу мезгил алыс эмес.

Ошондуктан биз бир иш жасап жатсак орустар айткандай “из бухты барахты” кылып жасабайбыз. Сөзсүз түрдө эртеби-кечпи элибизге эң жакшы жемишин бере тургандай кылып жасайбыз. Эч болбосо өзүбүздүн балдарыбыздын, небере-чөбөрөлөрүбүздүн тагдырын деле ойлойбуз да.

Күчтүү өлкөдө, коррупция менен криминал жок өлкөдө жашасын деп.

Ошондуктан ушул сиз экөөбүздүн маектен пайдаланып жалпы элге кайрыла кетет элем:

“Баягылардын” кумурскадан пил жасай салып, ар кайсы темада «кокуй эле кокуй» деп ызы-чуу салган кара ниеттерге көңүл бурбагыла.

Эсиңиздерде болсо мен бийлик башына келген биринчи жылдары эле жалпы элге эскерткем:

“Мен саясатты жыйыштырып салып мамлекеттин, элдин турмушун көтөрүшүм керек. Анткени журт атасы болдум.

Мага мындан ары баары бирдей.

Акаевчиби, Бакиевчиби, Атамбаев Жээнбековчубу же Айдар- Максимчиби айтор кыргыз элине, мамлекетибизге пайда алып келем десе ким болбосун баарын ишке тартам. Бирок мамлекеттин казынасынан бир тыйын уурдатпайм”,-деп.

Бул жагын күч түзүмдөрү менен фискалдык органдар тыкыр көзөмөлдөп турушат.

Кээ бир учурларда күч түзүмдөрүнө баланча жерден уурдалды деп берилген жалган маалыматтардын айынан ызы-чуу болуп кетип, тиешелүүлөрдүн баарын чогултуп, бир столго эки тарапты олтургузуп жеке өзүмдүн катышуум менен териштирүү жүргүзүп, чындыкты, адилеттүүлүктү, калыстыкты аныктаган учурларыбыз да көп.

Андыктан «чычканга кебек алдырбайбыз» дегендей.

Эсиңиздердеби, 3-4 жыл мурда бизнесмен Хабибулла мырзаны алып келип, илгерки Нарын ресторанынын ордуна 5 жылдыздуу мейманкананын жана 20 миң адам бата турган мечиттин башталышына мезгил кутусун салганымда анда да катуу ызы-чуу кылышты эле.

Мына азыр эки имаратта тең курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Мечит бүтөйүн деп калды. Ал мечитти Хабибулла мырза өз эсебинен кыргыз элине бекер салып берип жатат. Жалпы баасы 55 миллион доллар. 5 жылдыздуу отели болсо 350 миллион доллар менен бүтөт. Ал да ортолоп калды. Эки курулушка тең жумшалып жаткан каражат Кыргызстанга түздөн-түз сырттан кирген инвестиция.

55 миллион долларлык мечит бекер. Хабибулла мырзанын кыргыз элине берген белеги.

 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарына токтолсок. Ал өз бийлигинин тушунда «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрү курулганын, Бишкек ЖЭБи жаңыланганын, Токтогул ГЭСИ оңдолуп-түзөлгөнүн айткан. Чындап эле бул тармакта татыктуу мурас калтырып кетиптирби?

— Токтогул ГЭСи боюнча айткандары карандай калп.

Элге ачык көрүнүп турган жалганды айткандан аздыр-көптүр жамандыр-жакшыдыр 7 жыл эл башкарган киши уялыш керек эле да.

Токтогул ГЭСинин 4 агрегатын оңдоо маселеси Аскар Акаевдин мезгилинен бери эле сөз болуп келе жаткан маселе. Анткени 60-жылдары курулган бойдон бир дагы жолу оңдоо иштери болгон эмес.

Элестетиңиздер, 50 жыл бою 24/7 күнү-түнү дебей тынбай иштеп берди. Дагы жакшы, металлдары абдан бышык экен.

Мен бийлик башына келээрим менен бул тармакты колго алдым. Баардык ГЭСтер катастрофалык абалга келип калышкан экен. Эгер тез арада генераторлорду жаңылабасак баары катастрофа болмок. Азыр баарын жаңылап жатабыз.

Эсиңиздерде болсо, мен бийлик башына келгенимде министрлер тез-тез эле алмашып кетип жатпадыбы. Себеби компетенттүү, коркпой-үркпөй радикалдуу реформаларга бара турган министр издеп жүрүп акыр аягы Таалай Ибраевди чакырдым. Дароо эскерттим:

«Реформа жасаарда радикалдуу кадамдарга барабыз. Системаны саздан сууруп чыгышыбыз керек. Мейли ким эмне дебесин сени министр кылам. Бирок жеке кызыкчылыкка кирип кетсең же мурдагылардай жеке кызыкчылыгың үчүн мекемеде система түзүп алсаң анда жооп бересиң» деп. Жыйынтыгы жаман эмес.

Иштер тез-тез алдыга жылып, өлкө боюнча жалпысынан 100гө жакын ГЭСтер, бир ири ЖЭБ, күндөн, шамалдан энергия алчу станциялар тездик менен курулуп жатат. Бюрократия жок.

Мына ошентип Токтогул ГЭСтеринин генераторлору 2022-жылы башталып, тактап айтканда:

  • 1-гидроагрегат — 2022-жылы,
  • 2-гидроагрегат — 2023-жылы,
  • 3-гидроагрегат — 2024-жылы,
  • 4-гидроагрегат — 2025-жылы бүттү. Бул генератор бүгүн-эртең ишке берилет.

Генераторлорду жаңылагандан кийин жалпы кубаттуулук мурдагыдан 240 МВтка көбөйдү. Бул өтө чоң кубаттуулук. Энергетиканы түшүнгөн адистер жакшы билишет.

240 МВтты бул жакка кой 1 МВттык бир ГЭС салып койбогондон кийин сүйлөбөй эле коюш керек болчу.

Мен мактангандай болбоюн бирок фактылар менен сандарды айтып коюшум керек. 2022-2025-жылдары 28 ГЭС ишке киргиздик. Жалпы кубаттуулугу 489 МВт.

2026-2027-жылдары 41 ГЭСти ишке киргизебиз. Жалпы кубаттуулугу 452 МВт. 2028-жылы Камбар-Ата-2нин экинчи агрегаты ишке кирсе 120 МВт болот. Кара-Кечеге азыр салынып жаткан ТЭС бүтсө 1200 МВт болот. Ошондон кийин анан кышкы дефицит жабылат деп болжоп атабыз.

Ага чейин кышкы мезгилде светти үнөмдөгүлө деген гана чакырыктарды жасап жатабыз. Элди эч качан жарыксыз калтырбайбыз. Бирок үнөмдөсөк өзүбүзгө да жакшы да. Энергетиктерге да жардам болот дегендей.

Датка-Кемин боюнча.

Ооба. Датка-Кемин бизге аба менен суудай керек болчу. Бул долбоор Атамбаевдин демилгеси жана анын эмгеги. Муну танбашыбыз керек. Анткени бул тарых.

Бирок эки эсе кымбат курулуп жатпайбы. Болжол менен бул долбоордон 90 миллион доллардан ашык сумма уурдалган деп эсептеп чыгышты. Эгер текшерүүлөр тереңирээк кирсе андан да көп болушу мүмкүн.

Бишкек ТЭЦ боюнча айтсам.

Элдин баары билет. 386 миллион долларга жапжаңы ТЭЦ салып койсо болмок. Алар эски ТЭЦтеги 24 мештин болгону 2 мешин жаңылап коюшкан.

Ошол эле мезгилде Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ТЭЦ салдырып алышкан. Демек ал жакта уурулук болгон эмес. Мындай чоң долбоорду Эмомали Шарипович жеке өзү көзөмөлүнө алса керек.

14 жаңы мештин 4 меши биригип 400 МВт энергия берет, калган 10 меши жылуулук берет. Биздики болсо 386 миллион долларга жаңыланган 2 мешибиз 300 МВт берет. Калган 22 мешибиз чирип турат.

Түшүнүктүү болуш учун жөнөкөй тил менен мисал келтирдим.

Кыскасы Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ТЭЦ салдырып алып жатат. Биздикилер болсо 386 миллион долларга эски ТЕЦтин ичиндеги 2 мешти жаңылап коюп атат.

111 миллион доллар желип кеткен деп сотто далилденген. Ошол үчүн Сапар Исаков менен Аскар Шадиев качып жүрүшөт. Ошол мезгилде тергөө жакшылап тергеген эмес болуш керек деп ойлойм. Себеби 2 мешке 275 миллон доллар кетмек эмес.

Баса, Жогорку Нарын ГЭСи да эсиме түшө калды. Айта кетпесем болбойт. Бекназаров айткандай «Айтпайын десем өзүңөр айттырасыңар да» дегендей. Дүңгүрөтүп бир «носилка баткак», эки даана күрөк менен баштаган Жогорку Нарын ГЭСи биз үчүн катастрофа болду. “РусГидро” бизди сотко берип 37 млн долларга доого жыкты. Анын үстөгү өсүп олтуруп бүгүнкү күнү 50 млн долларга жетти.

Мен 2021-жылы Россияга болгон биринчи иш сапарымда В.В.Путин менен сүйлөшүп, бул акчанын баары уурдалып кеткен. ГЭС салууга пайдаланылган эмес, кечип бериңиз деп сурангам. Ал киши макул деген.

Бирок 2023-жылы иш сапарым менен барганда «бул сумманы төлөшүңөр керек. Эл аралык соттон уттук» деди. Мен ошол эле жерден төлөбөйбүз деп жооп бердим. Себеби, ГЭС салчу компаниянын жетекчилеринин көпчүлүгү, айрыкча маселе чечүүчүлөрү Россия тараптан болчу.

Биз тарап аздык кылган экен. Анан албетте финансыны кайсы иштерге колдонуу жагынан кандай чечимдер чыкса өтүп кете берген.

Биздикилер чечимге кол коюп берип коюп «алчусун алып» олтура беришкен. Эң негизгиси ГЭС башталган эмес. 40 тонналык 400-500 даана контейнерлерди алып барып жатакана сыяктуу кылып коюшкан. Ошол жерге 37 миллион доллар кеткен имиш. Ал контейнерлерди чындап эсептеп келсе 37 миң доллар деле кетмек эмес. Бул маселе боюнча 2023-жылдан бери эки тараптуу комиссия түзүп иш жүргүзүп келе жатабыз.

Бирок азырынча натыйжа жок. Россия тарап менен «Взаимозачет» кылчу ар кандай иштерибиз бар. Балким ошолор менен алмашабыз деп иш алып барып жатабыз. Жыйынтыгы кандай болот көрөбүз. Акыры бир нерсе кылып кутулабыз бул карыздан да.

Бул маселе боюнча эл аралык соттон утулмак эмеспиз. Эгер Атамбаевтин башы иштесе? Ал жини менен кыйкырып-өкүрүп бир жактуу эле келишимди денонсация кылып салган.

Мындай эл аралык маселеде, дагы бир жолу баса белгилеп айтамын эл аралык маселеде ачууну эмес, акылды иштетиш керек. Өз акылың жетпесе тажрыйбалуу юристтерден кеңеш сура. Бул маселе менчик маселең эмес да. Ач кыйкырык салып эле денонсация кылып салгыдай. Бул жалпы элдин, мамлекеттин маселеси. Элдин убалы. 50 миллион доллар.

“Ачуу душман акыл дос” деп элибиз бекер айткан эмес. Бир жактуу денонсация кылаардан мурун Россия тарапка бир нече жолу претензия менен кат жөнөтүш керек эле. Силер келишимдеги милдеттемеңердин бир пайызын да аткарган жоксуңар. Келишимдин мөөнөтү өтүп кетти. Иш баштала элек.

Болбосо денонсация кылабыз деп жана башка ушул сыяктуу дооматтарды жаадырып, жоопторун алыш керек болчу. Ошондон кийин анан денонсация кылса балким эл аралык соттон утулбай калат элек.

Мунун баарын жамандагандай болуп калбайын деп ушул күнгө чейин айтпай жүрдүм эле. Бекназаров айткандай «өзүңөр айттырып атасыңар да». Буга чейин бир дагы экс-президенттердин атын атабадым эле. Анда-санда эле тарыхыбызда өткөн-кеткен кемчиликтерди жалпылап айтып койгонум болбосо. Эми мындан ары жарык, майнинг, тышкы карыз, күбөлүк деген маселелер боюнча маек алганы келбегиле. Бул маселелер боюнча эч кимге маек бербейм. Жооп да бербейм.

Баш көтөрбөй иштей беребиз. Иштерибиз акыры жакшы жемиштерин берет. Кудай анан эл көрүп турат да. Себеби, бул маселелер боюнча буга чейин кеңири эле маалыматтарды жана отчётторду берип келдим.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.

33