7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

267

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда президент Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азербайжанга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Габала шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги Саммитине катышат, анын алкагында аймактык жана эл аралык саясаттын маанилүү маселелери талкууланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ТМУдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарат.

Саммиттин жыйынтыгында Уюмга мүчө-мамлекеттердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган Габала декларациясына жана башка чечимдерге кол коюлат.

268