Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөдү.
Иш-чарага Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
Президент Садыр Жапаров президент Шавкат Мирзиёевге салттуу жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун Башкы ассамблеясынын 43-сессиясынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.
Ал өз сөзүндө Азербайжан Республикасынын Консультативдик жолугушуулар форматына толук кандуу мүчө катары кошулушун колдоп, боордош Азербайжандын катышуусу аймакта кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишеним билдирди.
Мамлекет башчысы аймактын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткан доордо өз ара ишеним жана биримдик духун сактоо мурдагыдан да маанилүү экенин белгиледи.
Садыр Жапаров буга байланыштуу аймактын мамлекеттеринин позицияларды координациялап, “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда бирдиктүү фронт менен, атап айтканда, башка мамлекеттер менен болгон саммиттердин алдында тышкы саясий ведомстволордун консультацияларын уюштуруу аркылуу чыгуусун сунуштады.
Экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты чыңдоо контекстинде президент соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты сапаттуу өркүндөтүү жалпы негизги милдет болуп саналарын белгиледи.
“Өткөн жылы Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген түз инвестициялардын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 15%га өсүп, 135 млн АКШ долларын түздү. Жалпысынан акыркы үч жылда Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 28%га көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 1 млрд 700 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га көбөйдү”, — деди мамлекет башчысы.
Чыныгы интеграцияны андан ары тереңдетүү үчүн ал үч негизги кадамга көңүл бурууну сунуштады:
Биринчиси: Өз ара соодадагы тоскоолдуктарды активдүү жоюу, стандарттарды жана техникалык регламенттерди шайкеш келтирүү.
Экинчиси: Чийки зат моделинен алыстап, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана жаңы индустриалдык кластерлерди түзүү менен конкреттүү биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүү.
Үчүнчүсү: Санариптештирүүнү: электрондук коммерциядан баштап маалымат алмашуу жана киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн трансчек аралык платформаларды түзүүгө чейин өсүштүн катализатору катары колдонуу.
Садыр Жапаров транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине токтолуп, аймакта жаңы транспорттук артерия түзүлүп жатканын белгиледи.
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» стратегиялык маанилүү темир жолунун курулушу жөн гана байланыштырбастан, өлкөлөрүбүзгө Азиянын жана Европанын эң ири базарларына эң кыска жолду ачуу менен логистиканы өзгөртөт.
Бул контекстте Зангезур коридорун куруу долбоору «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун логикалык жана стратегиялык уландысы катары каралууда. Транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, бажы маалыматтарын алмашуу жана уруксат берүүчү документтерди «бирдиктүү терезе» принциби боюнча тариздөө үчүн «Санарип транзиттик коридор» бирдиктүү электрондук платформасын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү сунуштайм”, — деди Жапаров.
Президент Кыргызстан өз ара пайдалуу, анын ичинде ГЭС курууну камтыган долбоорлорду ишке ашырууга ачык экенин билдирип, Борбор Азиянын жалпы ресурстук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну негизги багыт деп эсептей турганын белгиледи.
Мамлекет башчысы туризмдин экономиканын маанилүү сектору жана Борбор Азия элдерин жакындаштыруунун куралы катары маанисин баса белгилеп, өз ара сапарлардын байкаларлык өсүшүн ырастады.
Ал маданий-гуманитардык кызматташтыктын туруктуу өнүгүп жатканын белгилеп, келерки жылы Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн билдирип, кесиптештерин жана аймак өлкөлөрүнүн спорт делегацияларын бул эл аралык иш-чарага катышууга чакырды.
“Биргелешкен эрк жана тынымсыз эмгек менен биз Борбор Азияны саясий ишеним конкреттүү экономикалык натыйжалар жана руханий биримдик менен бекемделген, ийгиликтүү аймактык өз ара аракеттенүүнүн эталонуна айландыра алабыз”, — деди президент.
Соңунда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын натыйжалуу төрагалыгын белгилеп, Түркмөнстанга ийгиликтерди каалап, Кыргызстан бардык жетишилген макулдашууларды жигердүү колдоого жана илгерлетүүгө даяр экенин баса белгиледи.



