Президент Садыр Жапаров жаштар форумунун катышуучуларын чоң максаттарды коюуга чакырып, бала кезиндеги кыялы орундалганын айтып берди.
“Кудай жаштын тилегин берет деп коёт. Мен жаш кезимде кыялданган кыялыма жеттим. Мен 7-8-класс окуп жүргөн мезгилим болсо керек. Айылда мал тейлеп келгенден кийин ата-энем менен чогуу телевизордон жыл сайын съезд көрчүбүз. Анан бир саат Брежнев сүйлөчү. Аны карап «ушу Брежневдей болом» дегем. Эне-атам «Ии балам, кыялыңды Кудай кабыл кылсын» деп койчу эле. Ошол кыялым орундалып мамлекет башкарып отурам”, — деди президент.
Посмотреть эту публикацию в Instagram