7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

421

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, Кыргызстанда аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Атап айтканда, Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушуу болду.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, ошондой эле сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда эркиндик жоопкерчиликке, жоопкерчилик эркиндикке алып бараарын, канчалык эркиндик көп болсо, ошончолук жоопкерчилик арта турганын кошумчалады.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — учурдагы мыйзамдарды катуу жана так сактоо жана аткаруу экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчилер мамлекет башчысына жолугуп, тараптарды жана коомчулукту тынчсыздандырган бардык актуалдуу маселелерди кеңири талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти, бул кыргыз бийлигинин ачык диалог жүргүзүүгө даяр экендигинен кабар берет.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Кыргызстан эл аралык уюмдардын рейтинги боюнча сөз эркиндиги жана демократия боюнча региондогу лидер бойдон калып жатканын белгилешти.

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга токтолуп, эл аралык уюмдар жана журналисттер менен биргеликте Баткен облусундагы талкаланган социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен жеринен таанышып, каргашалуу окуянын масштабына кейигендерин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров ар кандай коомдук топтор менен бардык маселелер боюнча активдүү диалогго даяр экенин баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

422