7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Бири-бириңерди тарбиялоого, тартипке салууга чакырам

502

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде кыргызстандыктарды өлкөнүн жаратылышын сактоого жана тартипке чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы быйыл өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдү 4 ай ичинде 96 миң метрге жакын браконьердик торлордон жана 6 тоннага жакын таштандыдан тазалаганын баса белгиледи. Бул иш дагы деле уланып жатат.

Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, балык кармоого мораторий бар экенин эскертип, балыктардын санын көбөйтүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Президент жаратылыш – Кыргызстандын кайталангыс байлыгы жана ага аяр мамиле жасоону талап кылган адамзаттын жалпы байлыгы экенин өзгөчө белгиледи. Бирок анын ордуна, тактап айтканда Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жүргөн адамдар таштандыны эч ойлонбой, таштап кеткендиги байкалууда.

«Кыргызстандын жаратылышын сактагыла, деп, биз көбүнчө өлкөбүзгө келген туристтерге кайрылабыз, бирок өз мисалыбыз менен тескерисин көрсөтүп жатабыз. Мен бардыгыңарды бири-бириңерди тарбиялоого, тартипке салууга, айлана-чөйрөнү булгабай, аяр мамиле жасоого  чакырам», — деп баса белгиледи президент.

Туризм тармагын өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири катары белгилеп, Садыр Жапаров болжолдоолорго ылайык, быйыл 10 млн туристтин келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503