Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталды. Ошондой эле схеманы уюштурган жооптуу жана кызмат адамдарынан турган кылмыштуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
УКМКдан билдиришкендей, туунду долбоорлорго негизсиз каржылык көрсөтүп жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга каражат бөлүп туруучу коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу фонддун директору К.Ж.Т. экени такталды.
2021-жылдан азыркы убакытка чейинки мезгилде КРнын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн сом) өлчөмүндө каражат бөлүнүп турган. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын. Аталган директор 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражаттарынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 миллион сомдон ашык каражат чегерген. Бирок иш жүзүндө ал акчалар жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган.
Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизаларды өтпөстөн, эффективдүүлүгүн деталдуу изилдебестен, ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктабастан жактырылган жана каржыланган. Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги Фонддун каражаттарынын чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес.
Учурда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору, башкы адиси жана фирмалардын биринин жетекчиси кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.