Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июнда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын имаратында прокуратуранын улук тергөөчүсү А.А.К. 100 миң сом пара талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.
Ал өзү тергеп жаткан жаранга карата Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылган.