7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкек-2 темир жол бекетине пландан тышкары барды

247

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, баш калаадагы Бишкек-2 темир жол бекетине пландан тышкары барды.

Мамлекет башчысы Бишкек-2 темир жол бекетин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Темир жол бекети 1938-жылы курулган. Акыркы он жылда Бишкек-2 темир жол бекетинин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 

Садыр Жапаров имараттын учурдагы оңдоо иштери менен таанышып, ичиндеги иш жайлары жана анын айланасын карап чыкты. 

Президент «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын  жетекчилигине жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча бардык сын-пикирлерди эске алууну жана аларды жоюу боюнча керектүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Андан соң Мамлекет башчысы поезд менен Балыкчы шаарына жөнөп кетти.

 «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Мамлекет башчысына узундугу 186 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. 

Анын айтымында, 38 чакырымга чейин жол полотносу жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда. 

Эске салсак, 2022-жылы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы үчүн социалдык-экономикалык жактан маанилүү болгон «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштерине старт берген.

248