7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкекте бүгүн бир катар объектилерди ачат

589

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат.

Мамлекет башчысы «Келечек» балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат. Борбор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган.

Ошондой эле, Президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат.

Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

“Келечек” балдар реабилитациялык борборунун ачылышын түз чагылдыруу 14:00дө башталат.

ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылышы болжол менен 15.00дө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590