7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкек шаарында Улуттук банктын жаңы имаратын ачты

16

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы символикалык лентаны кесип, андан соң жаңы административдик имараттын инфраструктурасы менен таанышты. Ал кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, жыйындар залын, музейди жана башка кызматтык бөлмөлөрдү көрүп чыкты. Курулушу бүтпөй калган объект 30 жылга жакын убакыттан бери турган. Улуттук банктын жаңы имаратын куруу иштери Садыр Жапаров 2023-жылы аталган объектиге баргандан кийин кайра жанданган.

Президент өз сөзүндө ардагерлерге жана иш-чаранын конокторуна кайрылып, бүгүн өлкөнүн финансылык тарыхында жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи.

Ал Улуттук банкы — мамлекетибиздин эгемендигинин ажырагыс белгиси экенин кошумчалады. 1991-жылы мамлекетибиз эгемендикке жеткенден кийин, эң алгачкы маанилүү кадам өзүбүздүн акча-кредиттик системабызды түзүү болгон.

Садыр Жапаров ошол жоопкерчиликтүү мезгилде Улуттук банк мамлекеттин экономикалык пайдубалын бекем түптөй алганын белгиледи.

Ал 1993-жылдын 10-май күнү тарыхта өзгөчө орун алганын: ал күнү улуттук валютабыз — сом жүгүртүүгө чыкканын белгилеп өттү. Бул окуя — экономикалык эгемендигибиздин башаты болду. Ошол күндөн тарта сом кыргыз мамлекетинин сыймыгы болуп келатат.

“Сомдун туруктуулугун камсыз кылуу — Улуттук банктын эң башкы милдети. Бул милдет ар бир жарандын турмушуна, ар бир үй-бүлөнүн жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган жооптуу милдет. Мына ошондуктан элдин сомго болгон ишеними — мамлекеттин бекемдигинин белгиси”, — деди Мамлекет башчысы.

Президент өз тарыхында Улуттук банк инфляция, каржылык кризистер, пандемия, дүйнөлүк өзгөрүүлөр сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин ырастады. Бирок алардын ар биринде мекеме өзүнүн туруктуулугун жана кесипкөйлүгүн далилдеп келди.

“Бүгүнкү күндө биздин сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валюталардын бири деп таанылууда”, — деп ал өзгөчө белгиледи.

Ал буга байланыштуу бул жетишкендик — өз ишине берилген кесипкөй адистердин жана каржы системасына эмгек сиңирген ардагерлердин талыкпас аракетинин натыйжасы деп баса көрсөттү.

Садыр Жапаров тездик менен өзгөрүп жаткан ааламдашуу доорунда банк тармагы терең өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатканын белгиледи. Каржылык технологиялар, онлайн төлөмдөр, санарип банк кызматы, криптовалюталар – азыркы жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды.

“Мындай шартта биз өзгөрүүлөрдөн артта калбай, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, экономикабызды заман талабына ылайык өнүктүрүшүбүз керек”, — деди Мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу ал Улуттук банкка инновациялар жана санариптештирүү жаатындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Бул багытта “Санарип сом” долбоорун ишке ашыруу – эң маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Президент маанилүү жаңылык менен бөлүштү. Мурда мамлекет алтынды сактоодо кыйынчылыктарды тартып келген — тиешелүү шарттар жетишсиз эле. Мамлекет өзүнүн корун чет өлкөдө сактоого аргасыз болгон. Мындан ары Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Ал буга байланыштуу мындан ары биз өз запастарыбызды ишенимдүү сактап гана тим болбостон, чет элдик өнөктөштөргө да ушундай кызматтарды көрсөтө алабыз деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы эл аралык стандарттар менен улуттук кызыкчылыктардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо мамлекеттин башкы милдети экенин баса белгиледи.

“Мамлекеттин күчү анын алтын резерви же жер байлыгы менен гана чектелбейт, ал элдин ишениминде, мыйзамдын үстөмдүгүндө жана жөнөкөй адамдардын жашоо-турмушун жакшырта билүүдө. Улуттук банк – мына ушул баалуулуктардын күзөтчүсү болушу шарт”, — деп баса белгиледи Президент.

Садыр Жапаров банктын кызматкерлерине көп жылдык эмгеги, Ата Мекен алдындагы жоопкерчилиги, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

“Жаңы ачылып жаткан имарат — экономикабыздын келечеги, сомубуздун кадыр-баркы үчүн бекем пайдубал болуп берсин!

Өлкөбүздүн экономикасы бекем, сомубуздун кадыры жогору болушуна тилектешмин!”, — деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

17