7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа бирлиги» саммитине катышуу үчүн Самаркандга барды

305

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, «Борбор Азия — Европа бирлиги» саммитине катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын учагы Самарканддын аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, учактын алдына килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.

Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, бүгүн мамлекет башчысы Европа бирлигинин президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушат. Ошондой эле Садыр Жапаровдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуусу болот.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа бирлиги жана Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуусунун маселелери талкууланды. Садыр Жапаров 4-апрелде «Борбор Азия — Европа бирлиги» Саммитине катышат жана «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» Эл аралык форумунда сөз сүйлөйт. Саммиттин жана эл аралык климаттык форумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерди кабыл алуу күтүлүүдө», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

306