7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Кытай” саммитине катышкан курулуш министрлерди кабыл алды

5

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы өлкөлөрдүн курулуш министрлерин кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы форматтын саясий мааниси өсүп жатканын белгилеп, Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Ал Кыргызстанда жеткиликтүү турак жай курууга багытталган “Менин үйүм” мамлекеттик программасы жигердүү ишке ашырылып жатканын айтып, курулуш тармагында тажрыйба алмашууга жана биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде “Борбордук Азия – Кытай” форматынын Катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун министрлердин экинчи жолугушуусун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

 

6