7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров борбордук мечитке барып, ооз ачар өткөрдү (ФОТО)

600

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысы намаз окуп, ал жерде болгон мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү.

Ошол эле жерде Садыр Жапаров чогулгандардын алдында кыскача сөз сүйлөп, аларды ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

«Ал ыйык айда Кыргызстандын эли жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүшүн, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады» — деди Султанбаев.

Президент Жапаров адамдын руханий жана ар тараптуу тазаланышына өбөлгө түзгөн чыдамдуулук, токтоолук сыяктуу баалуулуктар жогору коюлган бул өзгөчө учур экенин белгиледи.

«Дал ушул принциптер адамдарды бириктирип, боорукер, кайрымдуу кылып, көп улуттуу коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоого салым кошот. Кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын»- деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601