Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-августта, Бразилия Федеративдик Республикасынын Президенти Луис Инасиу Лула да Силвага Сан-Паулу штатында (Бразилия) көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, биз Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем.
Бул оор күндөрү биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат телеграммада.