7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Брежневдей эл башкаруучу болом деп кыялданчумун

580

Өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын «Казинформбюро» басылмасына Астана визитинин алдында кең көлөмдүү маек берди.

Маектин жүрүшүндө «Сиз мындан жарым жыл мурун президент болом деп кыялдандыңыз беле?» — деген суроого, Жапаров эл башкаруу анын балалык чагынан бери келе жаткан кыялы экенин айткан.

«Мен 4-5 класста окуган кезде, чоң энем Жогорку Советтин депутаты болчу. Ал Москвага съездге катышуу үчүн жыл сайын жөнөп калар эле. Биз чоң атам менен телевизордон дайыма ошол кездеги өлкө жетекчиси Брежневдин сүйлөгөнүн көрчүбүз. Ошондо балалык сезим менен Брежневдей эл башкаруучу болом деп кыялданчумун», — деп кошумчалаган Садыр Жапаров.

Ал кийин 2005-жылы депутат болгонун, ошондон бери ар дайым коррупция менен күрөшүп келе жатканын да айтып өткөн.

581