7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Чүйдөгү балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводдун иш шарттары менен таанышты

126

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Чүй облусунун Панфилов районундагы “Тянь-Шань форель”ЖЧКсынын балыктар үчүн тоют өндүрүүчү заводунун иш шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысына заводдун курулушуна жалпысынан 5 миллион АКШ доллары сарпталганы, объект аянты 7 гектарга жакын жер тилкесине курулганы маалымдалды.

Курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталып, ушул эле жылдын декабрь айында аяктаганы белгиленди. Толук кубаттуулукта иштеген заводдо суткасына 100–130 тонна продукция өндүрүлөт. Завод ишке киргенден кийин 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

Заводдун жетекчиси Илгиз Сарылдык уулу бул көрсөткүч республиканын ички муктаждыктарын толугу менен камсыздоого жана экспорттук багытты өнүктүрүүгө шарт түзөрүн айтты.

Президент Садыр Жапаров заводдун жетекчилигинин көңүлүн сапат стандарттарын дыкат жана туруктуу сактоо зарылдыгына буруп, балык чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнүн жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору азыктын жогорку сапаты экенин баса белгиледи.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

127