7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК күйөөсү атып өлтүргөн аялдын балдарына жардам берет

350

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде бүгүн УКМКнын башкы кеңсесинде күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын улуу уулу — Урустемов Б.Б. менен жолугушуу өткөрүлдү.

Комитеттен маалымдашкандай, жолугушуунун жыйынтыгында маркумдун балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүү, алардын ар кандай көйгөйлөрүнө көмөктөшүү чечими кабыл алынды.

Атап айтканда, анда алардын турак жай маселесин, үй-бүлө жашаган жердеги ипотекалык насыяны төлөп берүүгө көмөк көрсөтүү, улуу уулун жумушка орноштурууга жардам берүү, ошондой эле маркумдун үч баласынын тең окуу акысын төлөп берүү каралды.

Белгиленгендей, бул маселе Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

351