Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта УКМКнын чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземине катышты. Мамлекет башчы өз сөзүн мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү маселеси боюнча баштады.
«Албетте, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү мамлекеттин аскердик саясатынан, Куралдуу күчтөрдүн даярдыгынан, техникалык жактан камсыздалышынан жана экономиканын туруктуулугунан көз каранды. Бүгүнкү иш-чара дагы дал ушул мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу болуп, Чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникаларды тапшыруу алдында турабыз. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мамлекеттик коопсуздук чек арадан башталат. Биздин эр жүрөк, эч нерседен тайманбаган, ар-намысы бийик чек арачыларыбыз мекен чегин көздүн карегиндей сактап келишет. Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек араны коргоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу, чек ара аймагында жашаган мекендештерибиздин бейпил турмушун камсыз кылуу, салттуу коңшулук жана достук мамилелерди бекем сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрүү ар дайымкы ишибиз болуп саналат.
Ошону менен бирге кылымдар бою ата-бабаларыбыз ынак коңшу болуп жашап келген ынтымактуу маанайды бекем кармап, келечекте чек ара чыр-чатактарына жол бербөө, региондо тынчтыкты сактоо биз үчүн да, коңшулар үчүн да өтө маанилүү маселе болушу кажет! Бүгүнкү күндө региондогу жана жалпы дүйнөдөгү абал Чек ара кызматынын ыкчам, чапчаң, кесипкөй болушун талап кылып, ар кандай террористтик, экстремисттик жана башка кылмыштуу элементтердин чек арабыздан өтүп кетишине жол бербөө жаатында олуттуу милдеттерди коюуда. Биз эч качан биринчилерден болуп башка бирөөлөргө катылбайбыз. Бирок катылгандын катыгын берип келген Манас атабыздын урпактары катары духу күчтүү чек арачыларыбыз берген антына бекем туруп, кынтыксыз кызмат өтөп жаткандыгында эч кимдин шеги жок.
Ошентсе дагы бүгүнкү замандын чакырыктары менен коркунучтарына тийиштүү жооп кайтарууга, аймактагы тынчтыкты сактап, эл-журтубуздун коопсуздугун камсыздоого заманбап техникалардын болушу дагы өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз. Чек араны кайтарууда зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, алдыңарда тургандай, „Тигр“ үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон авто унаалар жана башка курал-жарактар сатылып алынууда.
Бул жерден мен расмий түрдө айтып коюшум керек, тизмектелип өткөндөрдүн баарын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, тагыраак айтканда, буга чейин адат болуп калган мурда колдонулган эски техникаларды эмес, жаны техникаларды сатып алып жатабыз. Буга чейин аскер техникалары жалан гана гранттардын эсебинен Жардам катары эски техникалар келип турган болсо, эми мындан ары заманбап, жаны техникаларды оз акчабызга сатып алып турабыз. Өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүп жатабыз. Мындан сырткары, аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатындагы иштерди улантуудабыз. Мунун баары, Кыргызстан чегин көздүн карегиндей сактоого өмүрүн арнаган урматтуу жоокерлер, силердин Мекен үчүн ак кызмат кылам деген демиңерге дем болоруна толук ишенемин!»,- деди өлкө башчы.