7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: 300 млн сомго техникаларды жана 2 млндон ашык еврого учак алганы турабыз

681

Президент Садыр Жапаров УКМКнын чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир жакшы саамалыкты, табигый жана техногендик кырсыктар менен күн-түн дебей күрөшүп келе жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык базасынын жаңылануусун дагы баса белгилей кетишибиз керек.

Өлкө аймагында жылына 4000ден ашык өрт кырсыгы болуп, анын кесепетинен калкыбыз, мамлекетибиз миллиард сомдун тегерегиндеги материалдык чыгымдарга учуроодо.

Материалдык чыгым дагы эч нерсе эмес, эң өкүнүчтүүсү, канчалаган жарандарыбыздын өмүрү кыйылып жатат.

Ошондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык потенциалын көтөрүүгө атайын өрт өчүрүүчү, авариялык абалдардан куткаруучу инженердик техникалар менен камсыз кылууну мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карап жатабыз.

Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 млн доллардан ашык акча каражатына 58 даана өрт өчүрүүчү автоунааларын сатып алдык.

Мына бүгүн аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырабыз.

Бул өрт өчүрүүчү автоунаалар өрт кырсыктарына жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарга өз учурунда ыкчам чараларды көрүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, былтыр дагы бир өнөктөшүбүз- Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника сатып алганбыз.

Бүгүнкү күндө алар республиканын бардык аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга колдонулуп жатат.

Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине быйыл бюджеттен 300 млн сомдон ашык акча каражатына элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникаларды жана 2 миллиондон ашык еврого тик учак алганы турабыз.

Мындай заманбап техникалардын алынышы менен мамлекеттин өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү потенциалы бир топ жогорулай турганына ишенем.

Урматтуу чек арачылар жана куткаруучулар!

Бул жашоодо эң кымбат болуп саналган өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жаралгандыгына карабастан, ар-намысты туу туткан, Мекенге болгон сүйүүсү менен айырмаланган, өз милдеттерин так аткарган ак ниет жарандарыбыз арбын.

Алардын сап башында мына сиздер турасыздар.

Кыргызстан эли сиздер менен ар дайым сыймыктанат!

Баарыңарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалайм!

Мекенге болгон ак кызматыңар улана берсин!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682