Эгер 5 жылдын ичинде ушул иштердин баары аткарылып, ГЭСтер курулбаганда азыр электр жарыгы жок илгерки 19-кылымда отурмаксыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Алтай шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, 1950-1960-жылдары курулган Токтогул ГЭСинен баштап, Күрпсай ГЭС жана башка ГЭСтердин бардыгы буга чейин бир оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
“ГЭСтер бир оңдолбостон 50 жыл 24 саат бою күнү-түнү иштеп турган. Мен келгенде булар катастрофалык абалга келип калган экен. Тынымсыз иштеп 4 жылдын ичинде мына азыр бүт жаңылап бүттүк. Бир эле Токтогул ГЭСинин 4 агрегатын жаңылаганда 240 мегаватт кубаттуулук үстүнө кошулду. Азыр электр энергиясы ошонун натыйжасында берилүүдө. Жаңы 28 ГЭСти ишке киргиздик. Эгер мен 2020-жылдагыдай унчукпай отура берсем, курулуш иштерин жүргүзбөсөм электр энергиясы жетип эле турмак. Анткени, завод-фабрикалар жок болгондон кийин эптеп кыштын күнү дефицитти жаап коюп отура беришкен. Эгер мен завод, фабрика, мектеп, бала бакча салбасам, мен деле ошентип отура берсем болот эле. Мурда өлкөгө 14 млрд киловатт электр энергиясы талап кылынып келсе, азыр 20 млрд кубаттуулукка жетип 6 млрд кошулду. Биз улам кууп, жетпей келе жатабыз. Элге электр энергиясы боюнча кайрылуу жасап, маек берип, элге жакшы эле кеңири түшүндүрүп айтып келгенимдей 2028-жылы биз энергетикалык кризистен чыгабыз. Курулуп жаткан 100гө жакын ГЭСтер бар, күн, шамал электр станцияларын салып жатабыз. 15-декабрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 120 мегаваттык күн электр станциясын Балыкчыда ачабыз. Кара-Кечеге 1200 мегаватт кубаттуулуктагы жылуулук электр борборун куруп жатабыз. Бул ЖЭБ 2028-жылы бүткөндөн кийин 2028-2029-жылдын күз-кыш мезгилинде эч бир электр жарыгы өчпөй, чектөө деген жок болот”,- деди Жапаров.
Энергетика тармагы боюнча бул аракеттердин бардыгы ишке ашып, ГЭСтер ишке кирсе сырттан электр энергиясы импорттолбой каларын президент белгиледи.
“Сырттан электр энергиясын да импорттоп албай калабыз. Азыр 3 сомдон ашыгыраак баага Казакстан, Россия, Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоп алып, элге 1,37 тыйындан берип жатабыз. Эл 3,5 тыйындан ала албайт туурабы? Ортодогу айырманы мамлекет төлөп жатат. Ал айырма мага чейин эле 30 жылдан бери чогулуп келген. Чогулуп отуруп “Кыргызстан улуттук электр тармактары” компаниясына 2020-жылга 137 млрд сом болуп топтолуп калган. Азыр карыздын баарын жаап отуруп болгону 25 млрд сом калды. Улам импортту азайтып, ошонун баарын жаап келе жатабыз. Эмдиги жылы бул компаниянын бир тыйын карызы калбайт, тескерисинче 2027-жылдан баштап кирешеге кире баштайт. Акыркы 5 жылды кошкондо 35 жыл чыдагандан кийин дагы 1-2 жыл чыдап койгула. Биз электр энергиясы боюнча болгон аракетибизди көрүүдөбүз. Энергетика бул тиричилик берип, завод-фабрика өндүрүштү иштеткен элдин, мамлекеттин жашоосу. Энергетика боюнча болгон иштерди аткарып жатабыз. Камбар-Ата-1 ГЭСи башталып жатат, ал 7-8 жылда буюрса бүтөт. ГЭСке 1,5 млрд доллар каражат алдык. Дагы 1,5-2 млрд доллардай каражат керек, бирок аны да табабыз. Бирок, долбоор өзүн-өзү актайт. Тышкы карызыбыз өсүп кетти дегендерге айтарым, 2 эсе эмес 10 эсе өсүп кетсин. Бирок, тышкы карыздар ар бири өзүнүн долбооруна жумшалып, кайра 10 жылдан же 15 жылдан кийин төлөгөнү келгенде ар бир долбоор өзү төлөп коет”,- деди ал.



