Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, мамлекет башчысы бул уникалдуу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларын көрүп чыкты.
Заводдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири — деңиз торпедалык куралдарын даярдоо болуп саналат.
Ишкана менен таанышуунун жүрүшүндө аны мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Президент Садыр Жапаров заманбап технологияларды активдүү киргизүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу маселесин тапшырды.
Бул тапшырма өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтууга багытталган.
Белгилей кетсек, «Дастан» ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууну жана өндүрүүнү жүзөгө ашырган көп тармактуу ишкана болуп саналат.



