7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы менен жолукту

485

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон иш сапарынын алкагында Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолукту.

Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өз ишин шариат ченемдерине ылайык так жүргүзгөн толук кандуу финансылык институтту ачууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров бул максаттар үчүн республикада укуктук база бар экенин жана мындай финансылык кызматтарга кызыгуу чоң экенин баса белгилеп өттү.

Президент ошондой эле Кыргызстандагы ислам банкинги өзүнүн өнүгүүсүнүн алгачкы баскычында экенин кошумчалады. Ошондуктан 1975-жылы ачылган Дубай ислам банкынын тажрыйбасы исламдык каржылоо кызматтарын жакшыртууга маанилүү салым болмок.

Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани Садыр Жапаров белгилеген долбоорлордун маанилүүлүгүн канааттануу менен айтып, өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн банктын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту Кыргызстанга жиберүү ниетин билдирди.

Баарлашууда ал туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар экендигин ачыктады.

486